Филиппинде 13 жаштагы кыз 48 жаштагы кишиге бешинчи аялы болуп  турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мусулмандардын Минданао аймагында салтка айланган үйлөнүү үлпөтү 48 жаштагы Абдулрзак Ампатуан менен 13 жаштагы кыздын ортосунда өттү. Ал киши жаңы аялы экөө 20 жашка чыккыча балалуу болушпасын айткан. “Мен аны тапканыма жана балдарымды багып күн өткөргөнүмө бактылуумун”, – дейт ал.

Салтанат күйөө баланын үйүнөн башталып, кыздын үйүндө уланган.

Маалыматка ылайык, киши дыйканчылык менен алектенет. Ал эми кыз үй жумуштары менен болуп, улуу аялдарынан балдарын багып жатат. Күйөөсү мектептеги окуусунун акысын төлөөдө.

“Мен андан коркпойм, анткени ал мага жакшы мамиле кылат. Тамак жасаганды үйрөнүп жатам, анткени азырынча анча жакшы эмес экенмин. Жолдошумду бактылуу кылгым келет”, – деген өспүрүм.

Мусулмандардын Минданао аймагында эркек балдар 15 жашында, кыздар бойго жеткенде үйлөнө алышат. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Филиппинде жашы жете электе никеге турган 726 миң бала колукту бар. Алардын эки пайызы 15 жашка чейинки кыздар, өлкөдө ажырашууга мыйзам тарабынан тыюу салынганы кырдаалды курчутууда.

Макала жактыбы?

НетДа
1
26
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 034