Кыргызстандын желегин чет өлкөгө таанытып келе жаткан мушкер айым Айсулуу Тыныбекова олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин туулган күнү менен куттуктады.
 Анда ал Осмоналиевди кыргыз элинин сыймыктуу уулу деп, спорт легендасына айланган инсан катары сыпаттады.
“Бүгүн өзгөчө күн! Себеби мен үчүн жана жалпы кыргыз спортчулары үчүн күйүп, күйөрман болуп, дайым алдыга сүрөп турган улуу инсандын туулган күнү! Ал кыргыз элинин сыймыгы жана спорт легендасы – Каныбек Осмоналиев!
Мен чын жүрөктөн сизди бүгүнку туулган күнүңүз менен куттуктайм!
Кайда гана жүрбөйлү, кайсыл гана убакыт болбосун агайдын мага айткан кеп-кеңештерин дайым эстеп турам. Эл аралык мелдештерде эң жоопкерчиликтүү беттештеримдин алдында дайым өзгөчө колдоп турат. Сизди дайым үлгү катары көрүп, сиз жеткен ийгиликтерге биз дагы жетүүгө аракет кылабыз.
Сиздин легендарлуу Олимпиадалык медалыңыз биз үчүн дайым стимул болуп, мотивация берет!
Агайдын спорттук жетишкендиктеринен сырткары, өзүнүн бийик адамдык сапаттарын баалайм! Бар болуңуз агай!
Чың ден соолук, жаркын маанай каалайм. Балдарыңыздын төрүндө, кыргыз элинин сыйында гана балпайып жүрө бериңиз!
Айсулуу кызыңыз.” -деди мушкер айым.
Эскерте кетсек, Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген. 30 жашында чоң спорттон кеткен. Ал 13 жылда дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болуп, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада 52 киллограм салмактагылар арасында алтын тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. Дүйнөнү багындырган кезинде Америкага чакыртылып, бирок мекенин сүйгөн уул ага макул болгон эмес.

Макала жактыбы?

НетДа
13
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: