Бүгүн, 19-ноябрь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында эки тараптуу маселелерди кароону жандандырууну макулдышты. Аталган комиссиянын кезектеги 17-отурумун 2021-жылы Бишкек шаарында өткөрүү пландалууда.

Ошондой эле Казакбаевдин сунушу менен, эки өлкөнүн министрлери Кыргызстан менен Тажикстандын Ишкер кеңешин түзүү, чек ара аймактарында биргелешкен ишканаларды ачуу маселелеринин үстүндө иш алып барууну макулдашкан.

Аны менен бирге Сироджиддин Мухриддин, транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн авиация мекемелеринин өкүлдөрүнүн онлайн форматтагы сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү сунуштады.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация процессин тездетүү максатында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишин улантуу керектиги белгиленди. Бул багытта чек ара аймактарында туруктуулукту камсыз кылуу, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу керектиги айтылды.

Ошондой эле сүйлөшүнүн жүрүшүндө, Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу соодасынын көрсөткүчтөрү төмөн болгондугуна байланыштуу, көмүскө бизнес менен аткезчиликке бөгөт коюу керектиги белгиленген.

Казакбаевдин демилгеси менен иш сапар учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн актуалдуу болгон эки тараптуу маселелерди чечүү боюнча жол картаны иштеп чыгууну макулдашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин 2021-2022-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 34