Кара-Суу районунун эки айыл өкмөт башчысынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү деп билдирди 19-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ыкчам иш-чара Ош шаарында жана Ош облусунда кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту түзүү фактысы (Жазык кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүгү: Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ошого тете мындай топту жетектөө) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү. Ошондой эле иш-чара уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштерин аныктап, бөгөт коюу жана облустагы коомдук-саясий абалга криминалдык элементтердин таасирин тийгизбөөгө багытталган.

18-ноябрда Кара-Суу районунун Савай жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчыларына соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлүп, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынан атылбай турган курал табылып, ал экспертизага жөнөтүлдү. Ал эми Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иш бөлмөсү мөөр менен жабылган. 

Белгилей кетсек, буга чейин Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Матраимовдун өкүл уулу болгондугу үчүн куугунтуктоо болуп жатканын айтып чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: