Кыргыз милициясынын 96 жылдыгына карата бүгүн, 20-ноябрда ички иштер органдарынын кызматкерлери, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлери өкмөттүн сыйлыктары менен сыйланды. Сыйлыктарды ички иштер министри  Уланбек Ниязбеков тапшырганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Кызматын абийирдүү жана үлгүлүү аткарганы үчүн милиция кызматкерлери, аскер кызматкерлери премьер-министрдин атынан ыраазычылык алкыш сыйлыгы жана кол сааттар менен сыйланды. Алардын арасында ички иштер органдары менен тыгыз кызматташкан ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов да кол саат менен сыйланды», – деп айтылат билдирүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 25