Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда, ушул жылдын октябрь окуяларында жабыркагандар менен жолугушту. Бул тууралуу президентинин  маалыматтык бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу менен болгон жолугушууга ар кандай жаракаттарды алган – Табышбек уулу Рыскелди, Бейшеев Талант, Нурлан уулу Уларбек катышты.

Талант Мамытов бийликтин адилетсиз саясатынын натыйжасында өлкөдө үчүнчү элдик толкундоолор болуп, анын негизги себеби жарандардын парламенттик шайлоонун жыйынтыктары менен макул эместиги болгонун өкүнүч менен белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу адамдардын ден-соолугу жана өмүрү бардыгына караганда баалуу экендигин баса белгилеп, өлкөдө мындай кырдаалдар мындан ары кайталанбасын деген ишенимин билдирди.

Мындан сырткары ал, учурда конституциялык реформа башталганын кошумчалады.

«Негизги Мыйзамга байланыштуу маселелерге мүмкүн болушунча кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Ошондуктан, кеңири курамдагы конституциялык жыйын түзүлүп, ага коомчулуктун ар кандай өкүлдөрү кирди », – деди Мамытов.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу жолугушуунун катышуучуларына материалдык жардам жеткирип, чың ден-соолук, бакубат жашоо каалады жана алар менен жолугушууга ар дайым эшик ачык экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Октябрь окуясында жапа чеккендер Талант Мамытовго мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүп, жеке суроолорун да беришти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 27