Мамлекет коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даяр  даяр болушубуз абзел. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков республикалык штабдын жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавируска байланыштуу абал курч бойдон калууда.

«Акыркы күндөрү оң тенденция байкалды, бирок эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даяр болушубуз керек. Оорулууларды ооруканага жаткыруу тез арада кезексиз жүргүзүлүшү керек. Аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, медициналык мекемелердеги керебеттерди толтуруунун, дары-дармектерди, медициналык жабдууларды бөлүштүрүүнүн так графигин түзүү керек. Бардык ооруканаларды автономдуу электр генераторлору менен камсыз кылуу маанилүү ”, – деди Артем Новиков.

Ал белгилегендей, өлкөдө  дары-дармектер жетиштүү.

Саламаттыкты сактоо министрлигине республиканын аймактарындагы дары-дармектердин бааларына мониторинг жүргүзүү жана ооруканаларды керектүү шаймандар жана дары-дармектер менен жабдуу деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти улантуу тапшырылды.

«Алдыда жаңы жылдык майрамдар, андан кийин кезексиз президенттик шайлоо болот. Бул окуялар адамдардын ортосундагы байланыштын көбөйүшү менен байланыштуу. COVID-19 вирусун жуктурган жарандардын санынын өсүшүн алдын алуу маанилүү. Саламаттыкты сактоо тутуму жаңы жылдык майрамдарда жана алдыдагы шайлоолордо бейтаптардын санынын көбөйүшүнө толук даяр болушу керек », – деп жыйынтыктады министр.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 24