Нур-Султан шаарынын кафелердин биринде газ баллон жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады деп билдирет “NUR.KZ”.

Окуя бүгүн, 21-ноябрда саат 12:25те болгон. Өзгөчө кырдаалдар кызматынын диспетчердик башкаруу пультуна Шубары кичи районундагы кафеде газ баллон жарылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

“Өрт өчүрүүчү топтор келгенден кийин, имараттын ичинде бир адам жана 15 газ баллону бар экени аныкталды. Жарылуунун натыйжасында ашкананын чатыры кулап түштү”, – деди Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, куткаруучулар 15 газ баллонун алып чыгышып, бир адамды сактап калышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз урандылардын астында калып, ооруканада көз жумган. Ошондой эле, 19 адам тез жардам кызматынын дарыгерлеринин кароосунан өтүүдө деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
1
4
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 309