Интернет тармагында жөнөкөй жаран Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде ышкырык жана автоинспектор таягы менен автокыймылды жөнгө салып, ал эми четте автоинспектор башка бирөө менен сүйлөшүп турган видео тарады.

Видеого тарткан кишинин айтымында, окуя Манас — Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кайгуул милиция кызматынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу окуя мурдагы күнү болгондугун, видео кечээ тараганын “Спутник” маалымат агенттигине билдирген.

Маалыматка ылайык, ал көчөдө жол кыймылын башкарып жаткан жаран Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгынан окуудан өтүп жаткан курсант экендигин айткан. Маалымат катчынын айтымында, курсантты кызматка алуу боюнча азырынча атайын буйрук жок болгондуктан, милиционердин кийимин кийбестен иштеген.

Айтикул уулу тажрыйба топтогон мындай сабактар дагы улантыларын айтты. Формасыз жөнгө салуучу курсанттардын жанында болгон Кайгуул милициясынын кызматкерлери аларды көзөмөлдөп турарын кошумчалады.

 

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 564