Кечээ, 20-ноябрда, УКМКнын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү, “Чач” деген лакап аталыштагы Э.М. кармалды . Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларусь Республикасынын аймагында өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги аныкталды. Кармалган адам КРнын аймагында бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелип, Жалал-Абад облусундагы атышуу фактыларына, ошондой эле башка чуулгандуу кылмыштуу аракеттерди жасоого түздөн-түз байланыштуу деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, криминалдык авторитет Э.М жана ал жетектеген кылмыштуу топ” Кыргызнефтегаз” “ААКнын” мурунку башчысы Р.Бостонов тарабынан укук коргоо органдарына бир нече жолу арызданган ишкерлерге жана облустун башка жашоочуларына каршы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Сотко чейинки материалдар КЖБРдин каттоосунда турат. Кармалган адам КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК Э.М жана кылмыштуу чөйрөдөн байланышкан адамдардын кылмыш иштерин документтештирүүгө багытталган тиешелүү чараларды улантууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 97