Бүгүн, 21ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 4 адам каза болуп, 447 адамдан (коронавирус жана пневмония) аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Алардын үчөө Бишкек шаарында, бирөө Талас облусунда дарыланып жаткан.

Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония аныкталгандан кийин жалпы 1227 адам каза болду.

Ал эми акыркы сутканын ичинде өлкө аймагында дагы 447 адамдан COVID-19 диагнозу  аныкталды.

Алар:

– Бишкек шаарында 200 адам;

– Ош шаарында 16 адам;

– Чүй облусунда 86 адам;

– Ош облусунда 25 адам;

– Талас облусунда 20 адам;

– Нарын облусунда 5 адам;

– Ысык-Көл облусунда 49 адам;

– Жалал-Абад облусунда 29 адам;

– Баткен облусунда 17 адам.

Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 21-ноябрдагы маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 69 миң 149 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 26