Президентикке талапкер Садыр Жапаров кыргыздын каада-салты, үрп-адаты менен кудаларына суусар тебетей кийгизип, сыйын көргөздү.

Эскертке кетсек, Садыр Жапаров уулу Рустамдын уулунун кайын журтуна барганын жана саясатчы кудаларынын алдынан өтүп жаткан видеосун Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов социалдык тармагына бөлүшкөн болчу.

Жапаров абакта жатканда уулу Рустам үйлөнгөн, бирок кудаларынын алдынан өтүшкөн эмес. Анын себебин саясатчынын жубайы Айгүл Жапарова жолдошунун камактан чыгышын күтүп жатышканын айткан. Рустам Жапаровдун учурда бир жашка чыга элек кызы бар.

 

 

 

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
9
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 785