Өзбекстандын Наманган облусунун 23 жаштагы тургуну Гүлсанам Алижонова Өзбекстандын чемпиону болду. Ал 24-29-ноябрь күндөрү Ташкентте өткөн таэквондо боюнча чемпионатта өз салмак категориясы боюнча финалда учурдагы чемпонду жеңип, алтын медаль тагынды. Эми ал 2024-жылы Парижде өтчү олимпиадага барат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Намангандын Нарын районунда Гүлсанам аны сөгүп кеткен эки эркекти артынан такси менен кууп барып сбаган. Кызга укук коргоо органдары «бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин ачып, бирок, соцтармактардагы кызуу талкуулардан соң ал ишти кайра жабууга аргасыз болушкан.

Макала жактыбы?

НетДа
26
11
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 775