Өзбекстанда футбол боюнча Про-лиганын жыйынтыктоочу беттешинде “Нефтчи” жана “Туран” командалары оюн өткөргөн. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.
Маалыматка ылайык, эки команданын жеңүүчүсү Жогорку лигага өтмөк. Буга чейин алдыңкы орунда келе жаткан “Нефтчи” командасы 1:0 эсебинде атаандашына утулуп калган. Оюндун соңунда “Нефтчинин” футболчулары калысты ур-соккуга алган.
Видеодо байкалгандай калысты футболчу буту менен тепкен. Ошондой эле оюн талаасына футбол күйөрмандары да чыгып, башаламандык уюштурушкан.
“Нефтчи” командасынын оюнчуларынын нааразычылыгы эмнеден келип чыккандыгы азырынча белгисиз.