Америкалык илимпоздор кыш мезгилинде жаңы бышкан мөмө-жемиштер жетишпей жатканда, анын ордуна кургатылган жемиштерди жеп, пайда табууга болорун билдиришти.

Изилдөөнүн натыйжалары “Journal of the Academy of Nutrition and Dieteticsда” жарыяланган. Пенсильвания университетинин окумуштуулары тогуз жылдык изилдөө жүргүзүп, кургатылган жемиштерди жаңы мөмөлөрдүн ордуна жесе болоорун жана алар бирдей аш болумдуу экендигин аныкташты.

Университеттин изилдөөчүлөрү АКШнын 2007-2016-жылдардагы Улуттук ден-соолук жана тамактануу боюнча сурамжылоосунун маалыматтарын анализдеп, кургатылган жемиш жеген адамдардын тамактануусун жана ден-соолугун карап чыгышты. Алар күнүнө 4 стакан же андан көп кургатылган жемиш жеген 20 жаштан жогору 25000ден ашуун адамды тандап алышты. Алардын ден-соолугу, кардиометаболизм жана тамак-аш ден-соолугу туура тамактануу индекси менен салыштырылган.

Окумуштуулар кургатылган жемиштерди жеген адамдардын ден-соолугу жебегендерге караганда кыйла пайдалуураак экендигин аныкташты. Ошондой эле, мындай адамдар  кан басымы жок жана ашыкча салмакта эмес экендиги аныкталды. Ошондой эле, ал кургатылган жемиштерди жегенде, кан айлануу жакшырганын аныкталган.

Окумуштуулардын айтымында, кургатылган жемиштерди шекерсиз жеген жакшы. Себеби, шекер кошулган мөмө-жемиштер, калий жана жарым сиңирилген май сыяктуу ашыкча азык заттардын санын көбөйтөт. “Кургатылган жемиштер ден-соолукка пайдалуу азык, бирок аны кантсыз жана таттуу кылбастан жеш керек. Кургатылган мөмө жаңы мөмө-жемиштерге караганда кичинекей, бирок анын түшүмдүүлүгү бирдей. Себеби кургатылган жемиштерде суу жок. Андыктан тамактануу режимин карап көргөнүңүз оң”,- дейт авторлордун бири Валери Салливан, Джонс Хопкинс атындагы Коомдук саламаттыкты сактоо мектебинин илимий кызматкери.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Комментарии

  1. Hello there. I found your website by the use of Google at the same time as looking for a comparable matter, your website came up. It seems great. I have bookmarked it in my google bookmarks to come back then. Nadine Bale Zeiler

  2. Sed lacinia, urna non tincidunt mattis, tortor neque adipiscing diam, a cursus ipsum ante quis turpis. Nulla facilisi. Ut fringilla. Suspendisse potenti. Nunc feugiat mi a tellus consequat imperdiet. Vestibulum sapien. Proin quam. Etiam ultrices. Karna Enrico Perri

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: