Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов экономикалык мунапыстын алкагында Каржы министрлигинин депозиттик эсебине 9-декабрга карата жалпы 807,3 млн сом которду. Экономикалык мунапыстын алкагында ачылган депозиттик эсепке 9-декабрга карата жалпы 912,1 млн сом түштү.

Ал эми кечээ, 8-декабрга карата эсепке жалпы 872,1 млн сом түшсө, анын 773,4 млн сому Матраимов тарабынан которулган.

20-октябрда бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМК имаратына алынып келинген. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында Матраимовдун кылмыштуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган. Ал алгач 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которгон.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: