Спектаклди кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров сахналаштырган.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баштаган өкмөт мүчөлөрү Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектаклине барышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

 

 

 

 

 

Ага ылайык, спектакль 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында көрсөтүлгөн. Аны Токтоболот Абдымомунов атындыгы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери коюшкан.

“Спектаклди көрүүгө премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер келишти”, — деп айтылат маалыматта.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: