Казакстандын Атырау шаарында бала бакчанын тарбиячысы жаш баланы сабап жаткан учур видеотасмага түшүп калган. Аялга карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жиберилүүгө даярданып жатат деп билдирет “NUR.KZ.” басылмасы.

Мугалим башын чаап, баланын кулагынан сүйрөп жаткан видеолор социалдык тармактарда тарады. Билдирүүнүн астында жабыркаган ымыркайга боору оорушуп,укук коргоо органдарына жана башка компетенттүү органдарга кайрылып, балдар мекемесинде иштеп жатат деген бала бакчанын кызматкерин тезинен жоопко тартуу талабы коюлган.

Окуя 2019-жылдын 18-ноябрында сүйлөө кемтиги бар балдар үчүн адистештирилген бала бакчада болгон. Сабалган баланын ата-энеси прокуратура, полиция жана жергиликтүү бийликтин аракеттерине нааразы болуп, колдо болгон далилдерге карабастан, белгисиз себептерден улам кылмыш ишин иликтөөнү кечеңдетип жатканынын айтат.

«Бала бакчанын видеокөзөмөл камераларынан уулума карата зомбулук, рэкетчилик жана денеге ар кандай зыян келтирүү фактылары камтылган 25 видео жазуу бар. Учурда мугалим дагы деле балдар менен иштеп жатат. Баланын невропатологдун каттоосунда тургандыгы, өз теңтуштарынан артта калып, өнүгүүсү артта калган. Жана буга байланыштуу, ал эмне болгонун түшүндүрө албайт. Шаардык милиция бөлүмүнө, шаардык прокуратурага кайрылдык, бирок бүгүнкү күндө акыйкаттык жок. Арадан он үч ай өттү, бирок жыйынтык жок. Прокуратура жана шаардык ички иштер бөлүмү артка жылдырып жатышат”,  –  деп билдирген наристенин ата-энеси.

Эмоционалдык кайрылуу казак социалдык тармактарында чыныгы резонанс жаратып, жарым сааттын ичинде бир нече миң колдонуучунун комментарийлерин топтогон.

Бул факты боюнча тергөө иштери аяктагандыгын жана жакынкы аралыкта кылмыш ишин тергөө амалдары соттун кароосуна жиберилерин Атырау облусунун ИИБ билдирди деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
5
42
Loading...

Комментарии

  1. О кудайым ушул балада не күнөө, айланып келип бу балага эле кордук көрсөтө берген го зөөкүр, айбан да мындай кылбайт азыр ушул аял жанымда болсо билбейм не гана кылып салаарымды айванды

  2. Бул эшек эмне бул балага эле асыла берген жакпаса эле кордой береби башкаларына нормально отношения кылып чара корулсун бутун колун сындырыш керек акмактын менин баламды ушинтсе олтуруп салмакмын

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: