Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында дарыядагы муз эрип, суу анын нугунан ашып кетти. Бул тууралуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Рыспек Ботобеков “Спутник Кыргызстанга” билдирген.

Анын айтымында, Кашка-Суу айылынын күн чыгыш тарабында жергиликтүү эл турмуш-тиричиликке пайдаланган суу агып өтөт. Дарыядагы суу топтолуп, үстүндөгү муз эрип, дамба бою агып чыккан. Ага шагыл, кум аралашкандыктан кир болуп аккан.

Ботобеков ташкын айылга жетпей эле токтогонун, бирок ошол жерде суу алып жаткан адамдын автоунаасын агызып кете жаздаганын белгиледи. Ошондой эле ал учурда коркунуч жок экенин кошумчалады.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
7
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: