“Ирандык Анжелина Джоли” деген ат менен белгилүү Инстаграм жылдызы Сахар Табар (чыныгы аты-жөнү Фатима Хишванд) абактан бошотулду. Бул тууралуу “Баромет” басылмасы жазып чыкты.

Ирандын соту өткөн аптада Тегерандык кызды социалдык тармакка өзүнүн монтаждалган сүрөттөрүн жарыялагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок, бир нече күндөн кийин Табар бошотулган. Ирандык журналист Масих Алинеджаддын айтымында, буга жалпы коомчулуктун катаал өкүмгө ачуулануусу себеп болгон.

Кыз мамлекеттик “Рокна” телеканалына маек куруп, өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Ал бала кезинен эле атактуу болууну эңсегенин мойнуна алды. Ушул максаттарда ал социалдык тармактарды колдонууну чечкен.

“Бул актриса болуудан алда канча жеңилирээк болчу. Бирок эми Instagramга өзүмдүн баракчамды ачмак тургай, өзүмдүн телефонума аталган тиркемени көчүрбөйм”, – деди Табар маегинде.

Сахар Табар инстаграммга Анжелина Джоли менен зомбиге окшош сүрөттөрүн жарыялагандан кийин белгилүү болгон (азыр анын баракчасы алынып салынды). Кийинчерээк кыз бул образды макияж жана фотошоп аркылуу жаратканын мойнуна алган.

2019-жылдын октябрь айында “ирандык Джоли” Кудайга акарат келтирүү, зордук-зомбулукка үндөө, мыйзамсыз баюу жана өлкөнүн дресс-кодун мазактоо айыптары менен камакка алынган. 2020-жылы декабрда Табар он жылга эркинен ажыратылган. Ал 14 ай темир тор артында олтуруп чыкты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: