Төрт жашар бала үйдө оюнчуктар менен ойноп жатып желим ышкырыкты жутуп алып, 20 мүнөткө жетпей каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме берип “Барометр” басылмасы жазып чыктыбилдирет.

Маалым болгондой, кечээ, 17-декабрда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында 2016-жылы туулган бала үйүндө ойноп жатып, кокустан желим ышкырыгын жутуп алган.

“Чоңдор балага өз алдынча жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок натыйжасы болгон эмес. Ал 20 мүнөттүн ичинде чарчап калган”, – деп билдиришти милициядан.

Баланын 1997-жылы туулган энеси жана башка туугандары баланы эс-учун жоготуп койду деп ооруканага алып келишкен. Бирок, бала буга чейин эле каза болуп калган. Туугандары экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышканы маалым болду.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: