Түркиянын Газиантеп шаарындагы ооруканада кычкылтек аппараты жарылды. Бул тууралуу Анадолу басылмасы жазды.

Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымындакоронавирус жуктарган бейтаптар дарыланган интенсивдүү терапия бөлүмүндөгү жарылуунун кесепетинен 9 адам каза болду. Жабыркагандардын саны такталууда.

Кырсык болгон жерге барган ыкчам кызматтын кызматкерлери жарылуудан кийинки өрттү өчүрүп калууга үлгүрүштү.

Андан тышкары 14 бейтапты башка медициналык мекемелерге которулганы кабарланды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: