Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу «Апрель» телеканалы кайрадан эфирге чыга баштай турганын расмий билдирди.

Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын «Санарип технологиялары» жана «Апрель ТВ» жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы жазган арызы боюнча экономикалык ишти 15-декабрда караган. Былтыр ноябрда «Санарип технологиялары» жоопкерчилиги чектелген коому негиздөөчүлөрдүн жыйынында «Апрель» телеканалынын мүлкү камакка коюлганына карабай анын обого чыгышына уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алган.

Аскер прокуратурасы бул чечимге каршы сотко даттанган. Бир жылга созулган териштирүүдө сот 15-декабрда Аскер прокуратурасынын арызын четке каккан.

«Апрель» телеканалы муну менен расмий түрдө обого чыгууга укук алганын билдирүүдө.

«Апрель ТВнын» негиздөөчүлөрү – мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын санаалашы Фарид Ниязов камакта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: