Россиянын субъектиси катары каралган Коми республикасында ит 10 жаштагы баланы карышкырдан куткарып калган.

Окуянын видеосу “Mash Telegram” каналына жарыяланган. Руслан Губардын айтымында, анын үч баласы короодо жашынмак ойноп жүргөн.

Бир убакта кичинекей Емельян короонун дарбазасынан чыгып, үйүлүп жаткан кардын артына жашынууну чечкен. Өспүрүм ага коркунуч туулуп жаткандыгын таптакыр билген эмес. Себеби ал карышкырдын өзүнө жакындап калганын байкабаган.

Анын кыраакы ити Джесси күтүлбөгөн жерден коркунучту сезип, карышкырдын алдынан чуркап чыгат. Ал жырткычка каршы чыгып, Емельянды өлүмдөн сактап калган.

Өспүрүм окуяны дароо атасына айтып берген.

Итин карышкырдан сактап калгысы келген атасы достору менен кошо карышкырды ээрчип жөнөгөн. Адамдардын жакындап калганын сезген карышкыр качып кеткен.

Кансырап жаткан ит токойдон табылып, төрт күндөн кийин оор жаракаттан улам көз жумган.

Иттин ээси буга чейин карышкырлар үйгө мынчалык жакын болгон эмес дейт. Руслан уулун өлүмдөн сактап калган итти эч качан унутпастыгын айткан.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: