109 жаштагы Луиза Запителли, эки согушту жана үч пандемияны башынан өткөрдү. Бирок, бардык кыйынчылыктарды жеңген пенсионер дагы деле берилген эмес деп жазат “euronews” басылмасы.

Луиза Запителли 109 жашта, ал эки пандемиядан, ич келте эпидемиясынан жана эки согуштан аман калган. Пенсионер бардык кыйынчылыктарды жеңип, буга чейин көптөгөн адамдарга жардам берип келет. Мындан тышкары ал “Веспа” кайрымдуулук борборунда ыктыярчы болуп, канаттууларды багат.

Пенсионер “Испан” тумоосу, “Азия” тумоосу жана башка ооруларды жуктургандыгына карабастан, ал оорудан толугу менен айыгып кеткен. Луиза Запителли коронавирустун айынан карантин күчөтүлгөн кезде ден-соолугун күтүп, күндө балкондо узак сейилдеп турган.

Ал Италиянын Читтади Кастелло шаарында жашайт. Убактысын чуркоо, машыгуу менен өткөзүп жүргөн пенсионер, көчөдө ээн-эркин сейилдеп жүргөн мурдагы кезин эңсөөдө.

“Азыр мен мурдагыдай чыгып, көчөгө ээн-эркин баса албайм. Жакын жерде начар көргөн аял бар. Мен аны багып, сейилдөөгө алып чыкчумун”, – дейт Луиза Запителли.

Өткөн жылы Италиянын президенти Сержио Маттарелла ага жарандык активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жаш муундарды андан үлгү алууга чакырган.

Луиза Запителли биринчи жолу добуш берүү укугун алган 13 миллион Италиялык аялдардын бири болгон, ошондон бери шайлоону бир дагы жолу калтырбай келген чоң эне 74 жолу добуш берген. Өткөн жылдын сентябрь айында да COVID-19 чыккандыгына карабастан, ал шайлоого келген.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: