15-январдан баштап Бишкекте этап-этабы менен мектептерди ача баштайбыз. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, баш калаадагы бардык бала бакчалар жана мектептер 2021-жылдын 1-февралына чейин ишин жанданта турганын айтты.

“Балким, 15-январдан баштап жогорку класстын мектеп окуучулары окуй башташат. Көрөбүз, балким этап-этабы менен башка мектептерди ачабыз. Аймактарды карашыбыз керек, англисче “штамм” жаштарга тийип жаткандыгын билесиңер. Биз өтө этият болушубуз керек”, – деп түшүндүрдү ал.

Жыйынтыгында Түлөбаев кошумчалагандай, учурда вице-мэр Айжан Чыныбаева билим берүү мекемелерин ачуу маселеси боюнча эпидемиологдор жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштеп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
6
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 790