2020-жылдын 28-декабрында Баткен облустук прокуратурасынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, Ганиев Исламкул 73 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, Башкы прокуратура маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Исламкул Ганиев 1947-жылдын 16-апрелинде Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылында төрөлгөн.

1981-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасынын тергөөчүсү кызматынан баштаган.

Прокуратура органдарында ар түрдүү кызматтарды аркалап келип, 2008-жылдан тартып Баткен облустук прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктаган.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Исламкул Ганиевдин жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 199