Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн ата-энеси жок жетим балдарга батир берди.
“Урматтуу достор! Мен өмүрүмдө бүгүнкү күндөй кубанган эмесмин. Жаңы жылдын астында жетим балдарга батир берип жатабыз. Жана узак мезгилден бери турак-жайынын документи жок кыйналып жүргөн Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын тургундарына жер тилкелерин мыйзамдаштырып, кызыл китептерин тапшырып жатабыз“,- деп жазды Түлөбаев.