Максим Галкин өзүнүн мини-фильминде дистанттык билим берүүнү тамашалады. Куудул видеотасманы жакында өзүнүн расмий каналын ачкан “YouTube” каналына жарыялады.

Жаңы мини-фильминде Максим Галкин бардык ролдорду өзү ойногон. Ал катаал мугалим Мария Ивановнанын жана анын окуучуларынын образын жараткан. Жарыяланган фрагментте класс онлайн режимине өтүп, сабак бааларды жарыялоо менен башталып, кызыктуу уланат.

Куудул өзүнүн “Аралык” мини-фильминде пандемияга байланыштуу бир нече ай мурун мектеп окуучулары которулган онлайн билим берүү тутумун тамашалаган. Анын “Онлайн-мучения” версиясынын фрагменттерин Максим Галкин “Instagram” баракчасына да жүктөгөн.

Ал эми мини-тасманы толугу менен шоумендин расмий “YouTube” каналынан көрө аласыз.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 192