Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги М.Боронов милициянын жаш досу 8 жаштагы Курсант Кубатовду келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктады.
“Шаардык милициянын жетекчиси М.Боронов Курсантка жаӊы жылдык шириндиктерди, оюнчук автомашина белек кылып, келечекте элине пайдасы тийген мыкты милиция кызматкери болуусун каалады. Жаш досубуз башка милиция кызматкерлери менен биргеликте атайын автомашинада салтанаттуу жүрүшкө катышты”,- деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
8 жаштагы Курсант Кубатов Ош шаарынын тургуну. 3 жашынан тартып келечекте милиционер болууну самап келе жатат. Анын милиция кызматкерлериндей эле ар сезонго ылайыктуу милиция формасы дагы бар. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 49