УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын мурунку вице-мэрин турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча А.М.К.ны ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана ээлеп алуу фактысы боюнча кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, экс вице-мэр  тарабынан көзөмөлдөнгөн подрядчиктер аркылуу борбор калаанын жолдорун оңдоо жана куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда «Бишкасфальтсервис» муниципалдык ишканасында жана Бишкек шаарынын мэриясында коррупциялык схема түзүлгөн.

2015-2019-жылдар аралыгында 100 миллион сомдон ашуун суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген, айрымдарын менчиктеп алган. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өз убагында каржылоо болгонуна карабастан, подрядчик компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштар толугу менен бүткөрүлгөн эмес.

Сотко чейинки процесстин алкагында 29-декабрда А.М.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда, Бишкек шаардык мэриясынын башка кызматкерлери, муниципалдык каражаттарды каржылоого жана пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адамдар, ошондой эле ушул коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар аныкталууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
10
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 365