Жалал-Абад облусунда митингке чогулгандар    Аксы-Ала-Бука унаа жолунун  бошотушту, деп билдирди облустук ИИБнин басма сөз кызматы.

Бүгүн саат 16: 00дө Кербен шаарына тектеш Ак-Дөбө айылынан 200дөн ашык адам жолду тосуп, жол жээгине боз үйлөрдү тигишкен. Алар 7-октябрда Аксы районунда болгон башаламандыкта  кармалган Кербен шаарынын тургунуна байланыштуу ишти калыс карап аны бошотууну талап кылышты.

Жолду мыйзамсыз тосуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин тозулган жол ачылды.

Эске салсак, 2-январда УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы облустук башкармалыгынын имаратынын жанында 300 адамдын катышуусунда нааразычылык акциясы болуп өткөн. Ага 7-октябрдагы массалык баш аламандыкты уюштургандыгы үчүн делип Кербен шаарынын тургунунун камакка алынышы себеп болгон. Ал адам башаламандык учурунда жарандын денесине оор залал келтирип, натыйжада каза болгон окуя боюнча шектүү катары саналууда. Митингдин катышуучулары кылмышка шектүүнүн эч кандай бул окуяга тиешеси жок экендигин билдиришти.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 39