Азыркы убакытта ЖЭБди да, Кара – Кечеден келген көмүрдү да токтото албайбыз. Бул реалдуу нерсе эмес, сиздер бизди ур-токмокко ала бербеңиздер, мен болгон чындыкты айтып жатам. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев “Фейсбук” социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

“Урматту шаардыктар! Биздин келгенибизге бир айдан ашып калды. Смог боюнча бир гана маселе, эң биринчи кыла турган ишибиз көмүрдөн газга өткөрүш керек. Ошондо  50 % 60% токтойт. Эмдиги жылы боло турган смогду ушуну менен токтото алабыз. Бул боло турган гана нерсе, чындык!  Бирок азыркы убакытта ТЭЦти да, Кара- Кечеден келген көмүрдү да токтото албайбыз. Бул реалдуу нерсе эмес, сиздер бизди ур-токмокко ала бербеңиздер, мен болгон чындыкты айтып жатам”, – деди Түлөбаев.

Ал Бишкек ЖЭБин көмүр менен жылытуунун ордуна  газга алмаштыруунун жана Кара-Кечинин көмүрүнө тыюу салуунун жолун издеп, өкмөткө кайрылуу керек деп жыйынтыктады.

Эскерте кетсек 3- 4- январга карата Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыккан болчу.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 147