Кара-Буура районундагы өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 2021-жылдын 4-декбарында Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Шаурма City” тез тамактануучу жайда газ баллондон чыккан өрт, саат 16:52де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 11 адам ар кандай даражадагы күйүк жаракат алышып, Кара-Буура райондук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.