Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн чакырууларын тоготпой жатат деп эсептейт. Бул тууралуу 5-январда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Азаттыкка» билдиргендей, күбө катары суракка чакырылып жатканы тууралуу кагаз Калиеванын өз колуна 30-декабрда тапшырылган.

«Бирок ошол эле күнү Калиева өзү жана адвокаты жактоочу бош эместигине байланыштуу тергөө иш-аракеттерин 4-январга белгилөө боюнча кат түрүндө арыз жазып жиберген. 4-январда адвокаты Калиеванын саламаттыгы начарлап, ооруканага жаткандыгына байланыштуу тергөө органдарына бара албай тургандыгы тууралуу кат жиберген. Калиеванын жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде аны эч ким суракка чакырбаганы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт».

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Тартип комиссиясы бул маселени азырынча карай элек.

 

Макала жактыбы?

НетДа
8
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: