2-январь күнү WhatsАpp социалдык тармагы аркылуу БШКнын ыкчам аракеттенүү Ош координациялык тобуна «Общее дело» коомдук фонду тарабынан, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылында спортсмен балдар ар бир үйгө киришип, президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодо добуштун көбүн албаса жана өтпөй калса күч колдонулат деп коркутушканын кабарлаган.

Аталган маалымат 3-январда Кара-Суу РИИБдин МЭЖне катталган. Окуя боюнча тергөө-ыкчам тобу Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында текшерүү иштерин жүргүзүшүп, текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылынын айыл башчыларын жана жашоочуларынан түшүнүк каттары алынган.

Алар өз көрсөтмөлөрүндө Киров айылында эч кандай спортсмен балдар келишпегенин, президенттикке талапкер С.Жапаров шайлоодон өтүшү керек, өтпөй калса күч колдонулат деген маалымат жалган экендигин жана айылда эч кандай шайлоо боюнча коркутуп үркүтүүлөр болбогонун билдиришкен.

“Ошондуктан “Общее дело” коомдук фондунун өкүлдөрү тергөөгө чакырылып аларга WhatsАpp аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жөнөткөн жарандарды аныктоо боюнча жардам көрсөтүү үчүн суранган. Эч кандай тосмо арыз жазуу боюнча маселе болгон эмес. WhatsАpp аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жөнөткөн белгисиз атуулдарды тактоо иштери улантылууда“,- деп билдирет Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Макала жактыбы?

НетДа
5
9
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 323