Кыргызстанда бензин 15 сомго чейин кымбаттайт.

Экономика министрлиги Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 7-15 сомго кымбаттаарын божомолдоодо. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министрликтин жетекчисинин кеңешчиси Нургүл Акимованын айтымында, август айында киргизилген «Евро 5”тен төмөнкү класстагы бензинди сатууга тыюу салуунусу күйүүчү майдын баасына таасир этет.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенде бийлик техникалык регламентке кол койду, ага ылайык өлкө “Евро 5” бензинин пайдаланууга өтүшү керек. Бул колдонулган газдардагы зыяндуу заттардын курамын жөнгө салуучу экологиялык стандарт. ЕАЭБдин Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын экологиялык эмес түрлөрүн ташып келүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча техникалык регламенттери 2019-жылдын 12-августунда күчүнө кириши керек болчу. Бирок Экономика министрлиги буга чейин Евразия комиссиясына мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Кыргызстанга 2021-жылдын августуна чейин убакыт берилди. Ушул мөөнөттөн кийин нефтетрейдерлерге К-4 жана К-5тен төмөн класстардагы күйүүчү-майлоочу материалдарды алып келүүгө («Евро 4» жана «Евро 5»ке окшош) жана ошондой эле ички рынокто экологиялык жактан таза эмес күйүүчү майларды сатууга тыюу салынат ”, – деп баса белгиледи Нургүл Акимова

Экономика министрлиги кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн транспорттук чыгымдар бюджеттин 25 пайызын түзөт деп эсептеп чыккан. Ал эми деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдө транспорттук чыгымдар болгону 5-7 пайызды гана түзөт.

«Эгерде ишкерлер «жеткиликтүү» күйүүчү-майлоочу майларды сатып алышпаса, ал эми кымбат баалуу “Евро-4” жана “Евро-5” майларын сатып алууга мажбур болушса, анда алар бааларды көтөрүшөт жана бул нааразычылык маанайды жаратат.

      Жүк ташуучулар менен жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенбеген автоунаа айдоочуларына токтолсок, алардын аз гана бөлүгү экологиялык класстагы күйүүчү майды тандашат – бул дагы бааларга байланыштуу», – дейт Нургүл Акимова.

Ал баанын көтөрүлүшү гана эмес, кайра иштетүүчү заводду жаңыртууга кеткен чыгым дагы көтөрүлөрүн белгиледи. Жергиликтүү компаниялар үчүн бул жүгүртүү каражаттарынын 100 пайызын талап кылат. Министрдин кеңешчисинин айтымында, бул инвестициялар алты жылдан кийин гана өз натыйжасын берет.

«Өндүрүүчүлөр жергиликтүү бензиндин баасын көтөрө алышпайт, болбосо банкрот болушат. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр ташылып келинген чийки затты кайра иштеткен күндө дагы, чыгымдар азыркыдан жарым эсе көп талап кылынат », – деп эсептейт Нургүл Акимова.

ЕАЭБдин жалпы регламенттерине макулдук берүү жана күйүүчү май классын “Евро-4” жана “Евро-5”ке көтөрүү кандай болгон күндө дагы заводду модернизациялоону талап кылат. Нургүл Акимова Экономика министрлиги эскертет: мамлекет техникалык регламенттердеги милдеттенмелерин аткаруу үчүн өргүүлөрдү токтото албайт жана мунайды кайра иштетүүчү заводдор өздөрү көйгөйдү чечет деп үмүттөнөт. Экономисттер кыргыз фабрикаларынын инвестициялык жагымдуулугу көйгөй жаратып тургандыгын дагы белгилешет.

 

Булак: Коом.пресс

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: