“Diagnovir” деп аталган курал адамдын шилекейиндеги коронавирусту бир нече секунданын ичинде аныктай алат.

Түркиядагы Билкент университетинин адистери расмий сайтында он секундада COVID-19 инфекциясын аныктай турган курал ойлоп тапканын жарыялады.

“Diagnovir” диагнозу менен коронавирус менен ооруган адамдын шилекейин атайын эритмени аралаштырып, аппараттын ичине коюу керек, деп билдирди “RT” басылмасы.

“Патогендер 10 секунда ичинде флуоресцентти сигналды динамикалык кабыл алуу менен аныкталат “, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул процесс биосенсор үчүн атайын патогендерди аныктоого арналган чиптин жардамы менен жүргүзүлөт.
Окумуштуулардын айтымында, изилдөө учурунда шайман 99% натыйжалуулукту көрсөттү.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Федералдык Медициналык-Биологиялык Агенттиги эч жерде жок коронавируска каршы эки дары иштеп чыгып, патенттегенин жарыялаган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 20