Сузак районунда зордукталып боюна бүткөн өспүрүм кыздын энеси райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында өзүн өрттөөгө аракет жасап, милиция кызматкерлери токтотуп калышты.

Ал шектүү катары кармалган жолдошу кызын зордуктоого барбаганын, Ү. аттуу жаран зордуктаганын айтууда. Ал эми милиция кыздын энеси шектенип жаткан жаран тергөөдө аныкталбаганын, кыз өзү жакында милицияга арыз жазгандан кийин үйүндөгү өгөй ата менен жыныстык катнашта болгон төшөк экспертизага берилип, жыйынтыгында дал ошол төшөктө калган калдыктар кармалган атасына таандык болгону далилденгенин билдирди.

Сузак районунун тургуну Ж.Гүлсарахондун айтымында, быйыл 15 жашка толгон кызы 13 жашында зордуктоого кабылган. Секелек кызы менен ушул эле райондогу Ү. деген бала жыныстык катнашта болуп, кызынын тагдырын талкалаганын, бирок ал жазага тартылбай жатканын айтат.

Жабырлануучу кыз да өгөй атасы аны менен жыныстык катнашка барганы боюнча милицияга көрсөтмө бергенин, бир тууган таякеси мажбур кылганын айтты.

Видео: Ынтымак Медиа

Макала жактыбы?

НетДа
3
19
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 486