Бишкек шаардык тез жардам борборуна коргоочу каска тапшырылды. Бул тууралуу борбордун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов өзүнүн Твиттердеги микроблогунда жазды.

Бардык тез жардам бригадаларына баш кийимдер таратылганы белгиленди.

“Үч ай мурун, кимдир бирөө таштарды ушунчалык натыйжалуу ыргыткандыктан, биз бардык бригадалар үчүн ак шлемдерди алууну чечтик”, – деп жазган Егор Борисов.

Эске салсак, 2020-жылы 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкектеги башаламандык учурунда тез жардам кызматынын фельдшеринин башына таш тийген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 46