Японияда алчанын жарым килосу аукциондо болжол менен 10 миң долларга сатылды, деп маалымдайт РИА Новости.

Жакында Ямагата префектурасындагы биринчи аукциондо 500 граммга чейинки салмактагы алча бир куту миллион иенага (болжол менен 9800 доллар) сатылды. Бул тууралуу жергиликтүү айыл чарба кооперативдеринин ассоциациясы билдирди. Эң кымбат сатылышы “Сатонисики” деп аталган сейрек кездешүүчү сорттун ири мөмөлөрүнөн турат.

Бул алчанын кымбаттыгы аны өстүрүү технологиясына байланыштуу. Алча бактары атайын кутучаларда өстүрүлөт. Июнь айынан октябрь айынын башына чейин аларды муздаткычка салып, андан кийин күнөсканага өткөрүлүп берилет.

Алчанын ушул түрү өстүрүлгөн Тендо шаары өзгөчө Япониядагы биринчи алча бактары менен сыймыктанат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 41