Италияда 20 тонналык кар киши жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Италиянын Авиатико шаарында пайда болгон гигант кар кишинин салмагы 20 тоннага чейин жетет. Анын бийиктиги беш метр, туурасы 22 метр.
Шаардын мэри Маттиа Каррара эң чоң кар кишини куруу демилгесин көтөрдү. Ал бул оюнду “Pro Loro” компаниясынын ыктыярчылары менен биргеликте ишке ашыра алды. Бул уюм шаарга туристтерди тартууга жооптуу деп айтылат маалыматта.
Ошентип, шаар бийлиги аймакка туристтерди тартуунун уникалдуу жолун ойлоп тапты. Уюштуруучулар жаңы жасалган кар кишини кадимки көрүнүштүн символу болуп, жаңы жылда жашоого кайтат деп ишенишет.