Кытайдын Харбин шаарында 37-Эл аралык кар жана муз фестивалы башталды. Коронавирус пандемиясына карабастан, шаар тургундары үчүн биринчи муз шаарчасы ачылды.

Харбиндеги бул иш-чара дүйнөдөгү эң ири фестиваль болуп саналат. Анткени, акыркы  он жылдыкта бул жерде Гиннесстин рекорддор китеби бир нече жолу жаңырган. Алардын арасында ири муз айкелдери жана башка кереметтер бар.

Фестиваль расмий түрдө 5-январда ачылып, февралдын аягына чейин уланат.

Муздан жасалган ондогон ири айкелдер көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды. Келгендердин көпчүлүгү жергиликтүү тургундар жана Кытай жарандары. Себеби, айрым өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал саякатка бир аз чектөөлөрдү киргизип жатат.

1963-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан “Харбин” муз фестивалы пандемия учурунда өткөн эң ири иш-чара болуп калмакчы.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 19