Жакында эле Оштогу драма театрында “Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан”(Бийликте үч пахан турганда биздин абал оңолбойт, – ред.) спектакли көрсөтүлдү. Белгилүү артисттер Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарынбек Молдобаев ойногон спектакль коомдо түрдүү пикирди жаратты.

Анда сахнада жасалга катары үч куудулдун түрмөдө отургандай сүрөтү түшүрүлгөн полотно илинип турган. Концерттик программага интермедия киргизилип, анда кыргыз саясатына криминалдык тарыхы бар адамдар көп аралаша тургандыгы баяндалган. Бирок саяатчылардын так аты-жөнү айтылган эмес.

УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгы спектаклде Садыр Жапаровго каршы үгүт белгилери бар деп эсептеп, БШКга тиешелүү билдирүү жөнөткөн.

“Профилактикалык маектешүү максатында бизге УКМК кызматкерлери келишти, – деди ал. – Рахман Разыков Башкы прокуратурага суракка чакырылды, бирок алар кандай сүйлөшүү жүргүзүштү, мен билбейм. Менин сатира жаатында иштегениме 36 жыл болду. Биз ар дайым ушундай сценарийлерди жазып, ошону менен жан багып келгенбиз. Программаны Рахман Разыков түзүп, мен өз ролумду ойнодум. Спектаклде Садыр Жапаровго каршы бир дагы үгүт камтылбады деп эсептейм. Бул маселе боюнча бизге УКМК кызматкерлери келип, маек курушту. Эми бизге спектаклди көрсөтүүгө тыюу салынган, ошондуктан сатираны алып салып, бардык концерттерди жокко чыгардык“,- деди Нарынбек Молдобаев.

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 726