Сокулук районундагы Шопоков шаарында адам өлтүрүү фактысы катталды. 30-декабрда эртең менен көчөлөрдүн биринен жигиттин жансыз денеси табылган. 6-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Сокулук РИИБдин тергөөчүлөрү өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн экспертизаларды дайындашкан, алардын жыйынтыгы азырынча даяр эмес. 

Денесине кароо жүргүзгөндө маркумдун баш сөөгү жаракат алып, көкүрөгү күйүп, үшүк алгандыгы аныкталды. Бул факт “Киши өлтүрүү” беренеси менен КЖБРге катталды. Өлтүрүлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал 20 жаштагы жергиликтүү тургун Х.С. болуп чыкты. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 112