ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы «Азаттык» радиосунун телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу токтотту. Бул тууралуу “Азаттык” сайты жазып чыкты. Мунун себебин компаниянын башкы директору Эрлан Догдурбеков төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Биз 2021-жылга өзүбүздүн пакетибизди жаңылап, жаңы программаларды киргизип жатабыз. Эң негизгиси – прайм-таймга өзүбүздүн жаңы котормолорду киргизип жатканбыз. Азыр эл котормого жакшы басым жасап жатат. Эл «сиздердин көрсөтүүлөрдү көрүп жатабыз. Бирок өтө кеч болууда» деп айтып жатат. Бизге котормолорго ошол прайм-тайм убакыт керек болду. Негизинен 2021-жылы биз контентти, программаларыбызды жаңылап жатабыз. Ошондуктан азырынча токтотуп коюуга туура келип жатат. «Азаттык» менен аябай жакшы иштештик. Жетекчилигине, кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз».

Догдурбековдун айтымында, «Азаттык» менен лицензиялык келишим компаниянын көркөм кеңешинин сунушунун негизинде токтотулуп жатат. Кеңеш мындай сунушту жаңы жылга чейин берген. Ага ылайык «Азаттык» менен түзүлгөн келишимди токтотуу жөнүндө чечим 5-февралдан тартып күчүнө кирет. Догдурбеков келишимге кол койгон эки тарап тең аны токтотуу тууралуу бир ай мурда кабардар кылууга укуктуу экенин белгиледи.

ЭлТРдин көркөм кеңеши 2020-жылдын ноябрь айында түзүлгөн, ага компаниянын кызматкерлери кирген.

«Азаттык» радиосунун жарым сааттык «Ыңгайсыз суроолор», «Эксперттер талдайт», «Биз жана дүйнө», «Данисте», «Азаттык Плюс», «Каректе Евразия» телепрограммалары келишимдик негизде иш күндөрү кечкисин ЭлТР каналында 2016-жылдан бери көрсөтүлөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 30