УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы» мамлекеттик мекемесинен (« Бишкек»ЭЭА) акча каражаттарын чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады.

Кызматтын маалыматы боюнча, мамлекеттик мекеменин жооптуу адамдары контролдоп жеткирүүчү адамдарды тартуу менен товарларды жана кызматтарды мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурууда көмүскө кирешелерди алуу боюнча туруктуу схеманы түзүшкөн. Бул жеткирүүчүлөр деп аталган адамдар түзүлгөн келишимдин суммасынан мурунку жетекчиликке жеткирип берип турган. 

Ошондой эле, “Бишкек” ЭЭАнын Башкы дирекциясынын каржылык ресурстарын негизсиз сатып алуулар жана чыгымдар түрүндө сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде “Коррупция” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү каттады. 2021-жылдын 6-январында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, “Бишкек” ЭЭА Башкы дирекциясынын мурдагы башкы директору И.Д.И. [Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович] жана аткаруучу директор Б.М.А. [Бакашов Мирадил Амангелдиевич] кармалышты.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: