Бишкекте жоголгон 75 жаштагы Куват Айдаровдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү билдиришти.

Буга чейин аталган адам Биринчи май районундагы Батыш автобекетинин жанындагы үйдөн 5-январь күнү саат 17:00 чамасында чыгып кеткени маалымдалган. Туугандарынын айтымында, адам эс тутумунан жабыркап келген. Айдаров үйдөгү кийими менен көчөгө чыгып, дайынсыз жоголгон. 

Бүгүн, 7-январда карыянын тоңуп өлгөн сөөгү табылды.  

“Кайдыгерликтин курмандыгы болду. Жоголгондон бери бир нече адам Куват чоң атаны көрүп жана аны менен сүйлөшүшкөн. Бирок ал оорудан улам так сүйлөй албагандыктан алар мас экен деп ойлошкон. Жардам беришкен эмес, тоңуп калган. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз “, – деп айтылат Коомдук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
10
18
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 5 294