Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди. Аталган башкармалык буга чейин сотко чейинки өндүрүштү козгогону такталды.

«Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкташтырылган орто мектептин курулушу учурунда аткарылган жумуштардын көлөмү жалпысынан 24 миллион сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөн. Ошондой эле Т.З.Ж. жеке жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз аткарылган мектепти пайдаланууга берген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат », – деп билдирди УКМК.

Белгилей кетсек, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунов. Акыркы парламенттик шайлоодо ал “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 119 номеринде турган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: