Нур-Султанда 13 унаа өрттөнүп кетти, деп билдирет “Tengrinews.kz”басылмасы  борбор калаанын Өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берүү менен.

Окуя бүгүн, 7-январда саат 08:52де Нур-Султан шаарынын Эсенберлин көчөсүндөгү унаа жуучу жайда болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр саат 08:59да келип, “Батыр” унаа жуучу жайынын эки кабаттуу имаратында унаа күйүп жаткандыгын аныкташкан.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 13 унаа жабыркаган.

“Унаа жуучу жайда унаалар көп болгондуктан өрттү өчүрүү кыйынга турду, бирок өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам жана сабаттуу иш-аракеттеринин натыйжасында өрт өчүрүлдү. Эч ким каза болгон жана жабыркаган жок. Өрттүн себеби такталууда”, – деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматы.

Nur-Sultan ӨКМсы жарандарга, май куюучу жайлардын ээлерине жана башка ишканаларга өрт коопсуздугунун жөнөкөй эрежелерин сактоого, тиричилик шаймандарын, электр шаймандарын колдонуу боюнча нускамаларды сактоого, электр изоляциясы бузулган шаймандарды колдонбоону суранды деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 137